Редакцияот 17.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2025-жылдын 17-июлу № 144

 

2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө венгер тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 4-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган