Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2025-жылынын 17-апрели №30
«Көк-Арт айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө»
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын аксакалдар жамаатынын жыйынынын протоколдук сунушун жана Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты С.Жумуковдун Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон аталарды эскерүү эстелигин реконструкциялоого кошкон чон салымы үчүн Ташимбетов Темирбек жана Эмилов Султанбекке Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө сунушун Көк-Арт айыл кеңешинин кезексиз V-сессиясында карап, талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон аталарды эскерүү эстелигин реконструкциялоого кошкон чон салымы үчүн Ташимбетов Темирбек жана Эмилов Султанбекке Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Иш-кагаздарын жана төш белгисин даярдоо социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
К.Э.Исмаилов |