Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2025-жылынын 22-майы №32
«Саты айылындагы улак чапчууну муниципалдык менчике алуу жана ат коюу жөнундө »
Көк-Арт айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Саты айылындагы Ак-Талаа участкасынын № 938, 935 контурларында жайгашкан жайгашкан улак чапчуу жерди айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алуу жана Саты айылынын тургандарынын элдик жыйынынын протоколдук сунушун эске алып Ибраимов Бегимкулдун атын коюу боюнча сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл аймагынын Саты айылындагы Ак-Талаа участкасынын № 938, 935 контурларында жайгашкан 7 га улак чапчуу жер аянты Көк-Арт айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Муниципалдык менчике алынгак улак чапчууга Саты айылынын тургуну
Ибраимов Бегимкулдун аты ыйгарылсын.
3. Иш кагаздарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы О.Анаркуловго жүктөлсүн.
4. Токтомун аткарылышын көзөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
К.Исмаилов |
|