Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз VIII сессиясынын
2025-жылынын 11-апрели №1
«Базар-Коргон шаарынын аймагында Мамлекеттик ипотекалык көп кабаттуу үй куруу үчүн Базар-Коргон шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан мурунку чарба аралык курулуш уюмунун гаражынын жер тилкелерин өз каалосу менен өткөрүп берген жарандарга жер ажыратып берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун жана 19-беренесин жетекчиликке алып, №01-28/840 сандуу 08.04.2025жылы чыгышталган Базар-Коргон шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.А. Раевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги 3-02-03-0005-1244 сыр белгиси менен катталган 18325,40 чарчы метр жер аянтынан төмөнкү жарандарга:
а) Э.И.Надировго 3-02-03-0005-1248 сыр белгиси менен катталган жерден 1000,0 чарчы метр жер аянтын;
б) М.М.Арапбаевге 3-02-03-0005-1246 сыр белгиси менен катталган жерден 2000,0 чарчы метр жер аянтын;
в) К.Култаевага 3-02-03-0005-1245 сыр белгиси менен катталган жерден 400,0 чарчы метр жер аянтын;
г) А.М.Абдукаримовго 3-02-03-0005-1247 сыр белгиси менен катталган жерден 3500,0 чарчы метр жер аянтын;
д) Ж.Абдуллаевага 3-02-03-0005-1249 сыр белгиси менен катталган жерден 500,0 чарчы метр жер аянттарын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |