Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын

кезексиз XXVI-сессиясынын

 

2023-жылдын 22-декабры № 4

 

Ж. Таласбаев атындагы көчөнүн атын өзгөртүп, “Ынтымак” көчөсү деп кайра атоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын вице-мэри Т.Исаевдин 08.12.2023-жылкы чыгыш №01-17/474 сунушуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы токтом кылат:

1. Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылынын Аркалык участкасынын Ж. Таласбаев атындагы көчөнүн аты өзгөртүлүп, “Ынтымак” көчөсү деп кайра аталсын.

2. “Ынтымак” көчөсү деп кайра атоога кетүүчү 19050 сом акча каражатын карап берүү жагы Базар-Коргон шаар мэриясына милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төраганын у.м.а.

 

А.Сулайманова