Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын

кезексиз XXVI-сессиясы

 

2023-жылдын 22-декабры № 4

 

Базар-Коргон шаар мэриясынын бюджетине 2023-жыл ичинде киреше бөлүгүнө түшкөн акча каражатын чыгаша бөлүктөрүнө бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 117-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алуу менен, 20.12.2023-жылкы чыгыш № 01-17/1432 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXVI -сессиясы токтом кылат:

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын бюджетине 2023-жыл ичинде киреше бөлүгүнө келип түшкөн 6190,1 миң сом акча каражатын чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоолор менен бекитилсин.

а) Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак аштары үчүн 2000,0 миң сом.

б) Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине субсидия үчүн 900,0 миң сом.

в) Таштанды таштоочу жайга Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан долбоор үчүн өздүк салым катары 1000,0 миң сом.

г) Гос акттарды алуу жана гипрозем үчүн 2290,1 миң сом.

Жалпысы болуп 6190,1 миң сом акча каражатын жогоруда көрсөтүлгөн чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын у.м.а.

 

А.Сулайманова