БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын
кезексиз XXVI-сессиясынын
2023-жылдын 22-декабры № 2
Базар-Коргон шаар мэриясынын бюджетине 2023-жыл ичинде киреше бөлүгүнө түшкөн акча каражатын чыгаша бөлүктөрүнө бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 117-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алуу менен, 20.12.2023-жылкы чыгыш №01-17/1432 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXVI -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчисинин берген билдирүүсүнүн негизинде 2023-жылдын 12-айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй отургузулсун.
а) Киреше салык +1880,0 миң сомго
б) Патентке негизделген салык +2500,0 миң сомго
в) Айыл чарба эмес жер салык +1526,6 миң сомго
г) Айыл чарба эмес жерлерин сатуу +283,5 миң сомго
Жалпысы болуп +6190,1 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн салык түрлөрүнө бекитилсин.
1) 70111 - разделдин 2215-статьясына +2690,1 миң сомго
2) 70629 - разделдин 3112-статьясына +2700,0 миң сомго
3) 70911 - разделдин 2218-статьясына +800,0 миң сомго
Жалпысы болуп +6190,1 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдердин элементтерине бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт,стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төраганын у.м.а. |
| А.Сулайманова |