Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ
26.06.2025-ж № 31/14-5
Чолпон-Ата шаарына караштуу Бостери аймагынын түндүк тарабында жайгашкан 3,71 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргоонун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамы жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 20-июнундагы №01-8/1330 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарына караштуу Бостери аймагынын түндүк тарабында жайгашкан 3,71 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорттун, байланыштын, коргоонун, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэринин у.м.а К.М.Сопуевге:
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү берилген иш кагаздардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э. Молдобеков