Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ
08.07.2025-ж №31/15-1
Чолпон-Ата шаарынын “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-2030 жылдарга карата жаштар саясаты Концепциясына ылайык, Чолпон-Ата шаарынын мэринин у.м.а К.М.Сопиевдин 2025-жылдын 27-июнундагы №01-8/1387 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-июнундагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын аймагында “Муниципалдык жаштар борборунун” Жобосу бекитилсин.(тиркелет)
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Арнабек уулу Азаматка;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
-Жаштардын катышуусунда МЖБнун жетекчисин анын комитетинин курамын жана резервин түзүү эрежесин, МЖБ алдындагы ыктыярчылардын/волонтерлордун ишмердү
үлүгүн уюштуруу регламентин иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э. Молдобеков
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXI чакырылыштагы
кезексиз ___ сессиясынын 2025-жылдын ______
______________
№__________токтому менен бекитилди.
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы
МУНИЦИПАЛДЫК ЖАШТАР
ЖӨНҮНДӨ
ЖОБОСУ
2025-жыл
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы муниципалдык жаштар борбору (кийинки аталышы ЖБ) Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын, КР «Коммерциялык эмес уюмдары жөнүндө” мыйзамынын, жана КР башка ченемдик-укуктук актыларынын негизинде түзүлдү.
1.2. ЖБ өзүнүн ишмердүүлүктөрүн өз калоосу, мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу, мыйзамдуулук, ачык айкындуулук, өзүн-өзү каржылоо, өзүн-өзү башкаруу принциптеринде ишке ашырат.
1.3. Толук аталышы «Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык жаштар борбору»:
- кыргыз тилинде: «Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык жаштар борбору»;
- расмий тилинде: «Муниципальный молодежный центр города Чолпон-Ата»;
- англис тилинде: «Municipal Youth Center in Cholpon-Ata city»
1.4. Кыскартылган аты: кыргыз тилинде: «МЖБ», расмий тилинде: «МЦ», жана англис тилинде «YC».
1.5. МЖБнун уюмдаштыруучусу болуп Чолпон-Ата шаар мэриясы эсептелинет.
1.6. ЖБнун юридикалык дареги: Индекс: 722100, Кыргыз Республикасы, Ыссык-Көл облусу, Ыссык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет №75 б көчөсү.
1.5. ЖБнын мөөнөтү: 4 жыл.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Муниципалдык жаштар борбору- жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү жаштардын социалдык активдүү өнүгүүсү үчүн кызмат көрсөтүү, жаштардын демилгелерин колдоо, өспүрүмдөрдү жана жаштарды жергиликтүү жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде жүзөгө ашырууга тартуу үчүн түзүлгөн юридикалык катталган же катталган эмес муниципалдык коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
Мамлекеттик жаштар саясаты - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу, жаштардын өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө, мамлекеттин кызыкчылыгында анын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын тутуму.
Жаштар (жаш жарандар) - 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдар.
МЖБнун негиздөөчүсү – Чолпон-Ата шаардык кеӊеши жана Чолпон-Ата шаардык мэриясы
МЖБнын комитети – бул муниципалдык жаштар борборунун аткаруучу органы.
МЖБнун ыктыярчылардын чогулушу – борбордун иш-аракеттеринин маанилүү маселелерин жана жергиликтүү маанидеги жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн сунуштарды же чечимдерди кабыл алуу менен МЖБнын ыктыярчыларынын жана жергиликтүү жаштардын өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуу формасы.
МЖБнун ыктыярчысы – муниципалитеттин аймагында туруктуу жашаган же иштеген жана анын ишине түздөн-түз катышуу үчүн МЖБго ыктыярдуу кирген Кыргыз Республикасынын жараны.
Ыктыярчылык - бул жеке же юридикалык жактар тарабынан коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, коомдук негизде ар кандай формада акчалай сыйлыксыз коомдук пайдалуу эмгек, алардын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүмдөргө ээ болуп, өз жөндөмдөрүн көрсөтө алышат.
МЖБдун кардары – борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча чечүүгө кайрылган ар кандай адам. Ошондой эле, бул мекеменин кызматынан пайдаланган адам (бенефициар, МЖБнун кызматтарынын кардары).
Жаштар менен иштөө - бул жаштар саясатын жүзөгө ашырууну, жаштарда баалуулук багыттарын калыптандырууну жана жалпы адамзаттык ченемдерди бекемдөөнү камсыз кылган жаштарга багытталган пландалган практикалык иш-чаралардын жыйындысы.
Жергиликтүү кеңеш - жергиликтүү калк тарабынан түздөн-түз шайланган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алардын жоопкерчилиги астында жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттык түрдө чечүүгө ыйгарым укуктуу депутаттардан турган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органы.
Муниципалдык менчик – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше булагы болуп кызмат кылган жана калктын социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандырган шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган, пайдаланылган жана жергиликтүү жамаатка тийиштүү болгон мүлк.
Жергиликтүү калк - шаардын аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлү, аткаруу бийлиги жана башка органдар аркылуу жергиликтүү өз маселелерин чечүүдө жалпы кызыкчылыктар менен бириккен калк.
Жергиликтүү маселелер - жергиликтүү бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан чечилүүчү, ошондой эле жарандардын эркин түздөн-түз билдирүү менен тиешелүү аймактын калкынын турмуштук активдүүлүгүн камсыз кылган маселелер.