Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
15-апрель 2025-ж. № 37
Айыл өкмөтүнүн жазгы талаачылык, малдарды жайлоого чыгаруу жана башка чарбалык иштери боюнча 9.04.2025-жылдагы №158
токтомун бекитүү жөнүндө.
Улахол айыл Айыл өкмөтүнүн жазгы талаачылык, малдарды жайлоого чыгаруу жана башка чарбалык иштери боюнча 9.04.2025-жылдагы №158 токтомун бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба. мал чарбасы, жайыт жана ирригация маселелери жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча башкы адиси А.Дыйкановдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунугуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн жазгы талаачылык, малдарды
жайлоого чыгаруу жана башка чарбалык иштери боюнча 9.04.2025-жылдагы №158 токтому бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жазгы талаачылык, малдарды жайлоого чыгаруу жана башка
чарбалык иштери боюнча 9.04.2025-жылдагы №158 токтомун толук аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба, мал чарбасы, жайыт жана ирригация маселелери жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча башкы адиси А.Дыйканов, Улахол МИ инспектору Т. Абыкановго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 37 - токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев