Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
15-апрель 2025-ж. № 38
Ак-Булуң участогундагы 101,3 га жердин категориясын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери категориясына которуп, муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
Ак-Булуң участогундагы № 492 контурда жайгашкан жалпы аянты 101,3 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын категориясын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери категориясына которуп, муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булуң участогундагы № 492 контурда жайгашкан жалпы аянты 101,3 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын категориясын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери категориясына которуп, муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ак-Булуң участогундагы № 492 контурда жайгашкан жалпы аянты 101,3 га айыл чарба багытындагы жайыт жер аянтынын категориясын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери категориясына которуп, муниципалдык менчикке алууга тиешелүү документерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 38 - токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев