Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
15-апрель 2025-ж. № 40
Келишимдин негизинде кызматка алынган кызматкерлердин эмгек акысынын жана таза сууга болгон төлөмдүн статьясын которууга макулдук берүү жөнүндө.
Келишимдин негизинде кызматка алынган
кызматкерлердин эмгек акысынын жана таза сууга болгон төлөмдүн статьясын которууга макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыкованын билдирүүсүн жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келишимдин негизинде кызматка алынган кызматкерлердин
эмгек акысынын 22154900 статьясынан 21111100 статьясына жана 21211100 статьясына которууга жана таза сууга болгон төлөмдүн статьясын2231статьясынан 2511статьясына которууга макулдук берилсин.
2. Келишимдин негизинде кызматка алынган кызматкерлердин
эмгек акысынын жана таза сууга болгон төлөмдүн статьясын которуу иштерин аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги №
40 - токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев