Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 5/1
Үгүт айылынын 4-01-08-1002-0060 бирдейлештирилген кодунда жайгашкан скважинага тиешелүү 16,80м2 жер тилкесин баланска алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Републикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үгүт айылынын 4-01-08-1002-0060 бирдейлештирилген кодунда жайгашкан скважинага тиешелүү 16,80м2 жер тилкесин Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |