Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
15-апрель 2025-ж. № 41
Айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга берилүүчү 1 га жайыт жеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып бекитүү берүү жөнүндө.
Айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга берилүүчү 1 га жайыт жеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып бекитүү боюнча айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунугуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга берилүүчү 1
га жайыт жеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып, 2025-жылга бир жылга бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймактагы туризм багытында пайдаланууга берилүүчү 1
га жайыт жеринин тарифин 10000 (он миң) сом кылып бекитүүгө макулдук берүү боюнча тиешелүү документерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги №
41 - токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев