Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
15-апрель 2025-ж. № 42
Айыл өкмөткө атайын техникаларды лизинге алууга макулдук берүү жөнүндө.
Айыл өкмөткө атайын техникаларды лизинге алуу боюнча айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнө Экскаватор-Hyundai R140W-9S, жүк ташуучу унаа-Sinotruk Howo ZZ3327S3847E, комбайн-NOVA 340 маркасындагы атайын техникаларын лизингге алууга макулдук берилсин.
2. Лизингге алынган атайын техникалардын төлөмдөрүн, атайын бекитилген графике ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-апрелиндеги № 42 токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев