Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ VII СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
23-май 2025-ж. № 43
Айыл аймактын айылдарынын ген. планынын бекитүүгө республикалык
фонддон келген 4629000 (төрт миллион алты жүз жыйырма тогуз миң) сом акча каражатын жумшоого макулдук берүү жөнүндө.
Айыл аймактын айылдарынын ген. планынын бекитүүгө
республикалык фонддон келген 4629000 (төрт миллион алты жүз жыйырма тогуз миң) сом акча каражатын жумшоого макулдук берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн,бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык фонддон келген 4629000 (төрт миллион алты
жүз жыйырма тогуз миң) сом акча каражатын Оттук, Кара-Талаа, Шор-Булак, Туура-Суу айылдарынын башкы планын жасатууга жумшоого макулдук берилсин.
2. Айыл аймактын айылдарынын башкы планынын бекитүүгө
Республикалык фонддон келген 4629000 (төрт миллион алты жүз жыйырма тогуз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн: 70111 Аппарат тармагынын 22154900 статьясына кириштелип жумшалсын.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 23-майындагы № 43
Токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев