Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 5/2
Юстиция башкармалыгына тиешелүү мекеме курууга Баетов айылынын С. Ынакбеков көчөсүнүн №64 дарегиндеги 4-01-06-1001-075 бирдейлештирилген кодундагы эски архивдин 504 м2 жер аянтын имараты менен баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Републикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Юстиция башкармалыгына тиешелүү мекеме (пробация, нотариус, юридикалык кеңешме, адвокатура) курууга Баетов айылынын С. Ынакбеков көчөсүнүн №64 дарегиндеги 4-01-06-1001-0758 бирдейлештирилген кодундагы эски архивдин 504 м2 жер аянтын имараты менен баланска алууга макулдук берилсин.
2. Баланска алынгандан кийин жер тилкесин юстиция башкармалыгына берүүгө тиешелүү мекеме (пробация, нотариус, юридикалык кеңешме, адвокатура) курууга кепилдик берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |