Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
10-июнь 2025-ж. № 44
КР Президентин 24.02.2022-ж. №54 Жарлыгына ылайык Улахол айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №35 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык жобону бекитүү жөнүндө.
КР Президентин 24.02.2022-ж. №54 Жарлыгына ылайык,
Улахол айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №35 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык жобону бекитүү боюнча айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн жана укук депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Президентин 24.02.2022-ж. №54 Жарлыгына ылайык «КР
үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралары» жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу боюнча Улахол айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №35 тескемесинин №1 тиркемесине ылайык жобо бекитилсин.
2. Маркумду акыркы сапарга узатуу мал сойбостон же бир
бододон (уй, топоз, жылкы, төөдөн) ашык мал союлбай өткөрүлсүн.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 10-июнундагы
№44 токтомун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев