Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 5/4
Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылынын № 2847, 3576 контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 28-майындагы №01-4/92 “Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылынын №2847, 3576 контурунда жайгашкан 1,5 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” буйругунун негизинде, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылынын №2847, 3576 контурунда жайгашкан 1,5 га жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Баетов айыл аймагынын Үгүт айылынын №2847 контурундагы 1,10 га жерин, №3576 контурунда жайгашкан 0,40 га жерин жалпы 1,5 га жер аянтын, айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулган, Үгүт айылына таштанды таштоочу жай жайгаштырууга жер участогу мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |