Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 5/5
Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак айылынын Камаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 23092м2 жер тилкесин жана эски жүк ташуучу автоунааларды оңдоочу жайдын ордун курулушу менен баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Републикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айыл аймагынын Кайыңды-Булак айылынын Камаев көчөсү №1 дарегиндеги 4-01-06-1002-0257 бирдейлештирилген кодундагы муниципалдык менчиктеги (мурунку автобаза) 23092м2 жер тилкесинин түндүк тарабындагы туурасы 12 метр, узуну 120 метр болгон эски жүк ташуучу автоунааларды оңдоочу (токтотулуучу) жайдын ордун курулушу менен Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч. Азимжанов |