Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ
Т О К Т О М
10-июнь 2025-ж. № 47
Эки скважинанын ремонтуна Тоң өнүктүрүү фондунан суралган 2000000 (эки миллион) сом акча каражатын жумшоого макулдук берүү жөнүндө.
Эки скважинанын ремонтуна Тоң өнүктүрүү фондунан суралган 2000000
(эки миллион) сом акча каражатын жумшоого макулдук берүү боюнча айыл өкмөт башчысы Т.Калыковдун билдирүүсүн, бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки скважинанын ремонтуна Тоң өнүктүрүү фондунан суралган 2000000
(эки миллион) сом акча каражатын жумшоого макулдук берилсин.
2. Эки скважинанын ремонтуна Тоң өнүктүрүү фондунан суралган 2000000
(эки миллион) сом акча каражаты боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 47 токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев