Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 5/14
Ак-Талаа РИИБ жол кыймылынын коопсуздук тобуна кызматтык имарат салуу үчүн 500 м2 жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Републикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа РИИБ жол кыймылынын коопсуздук тобуна кызматтык имарат салуу үчүн 500м2 жер тилкесин муниципалдык жер аянтынан караштырып берүү жагы Баетов айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Бош жер аянты такталгандан кийин Ак-Талаа РИИБ жол кыймылынын коопсуздук тобуна кызматтык имарат салуу үчүн 500м2 жер аянты бөлүнүп, пайдалануусуна берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч.Азимжанов |