Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 6/1
Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылынын №3962 контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 28-майындагы №01-4/91 “Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылынын №3962 контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” буйругунун негизинде, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын Үгүт айылынын №3962, контурунда жайгашкан жалпы 17 га жер аянтынын ичинен 0,20 га жер аянты резервуар жайгаштырууга мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
2. Баетов айыл аймагындагы Үгүт айылынын №3962, контурунда жайгашкан жалпы 17 га жер аянтынын ичинен 0,20 га өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы жер аянты Үгүт айылына таза суу курулмаларын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч.Азимжанов |