Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 13-июну № 6/2
Баетов айыл аймагындагы Кайыңды-Булак айылынын 4-01-06-1002-0205 идентификациялык номеринде жайгашкан 1,70 га жер аянтын атайын техникалык каражаттар менен жабдылган жаңы форматтагы автодром куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө
Баетов айыл аймагындагы Кайыңды-Булак айылынын 4-01-06-1002-0205 идентификациялык номеринде жайгашкан 1,70 га жер аянтын атайын техникалык каражаттар менен жабдылган жаңы форматтагы автодром куруу үчүн бөлүп берүү боюнча маселени талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айыл аймагындагы Кайыңды-Булак айылынын 4-01-06-1002-0205 идентификациялык номеринде жайгашкан жалпы 21720 м кв. жер аянтынын ичинен 1,70 га жер аянтынатайын техникалык каражаттар менен жабдылган жаңы форматтагы автодром курууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ч.Азимжанов |