Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №1
«Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга долбоору жана 2027-2028- жылдарга болжолун жактыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин” 78 жана 95-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3818 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 1 448 900,5 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 327 746,5 миң сом өлчөмүндө жана 2027-2028-жылдарга болжолу №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга түзүлгөн чыгаша бөлүгүнүн долбоору 1 448 900,5 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөр 327 746,5 миң сом өлчөмүндө жана 2027-2028-жылдарга болжолу №2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын начальнигине (Т.Аким уулу) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга долбоору жана 2027-2028-жылдарга болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |