Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/2
Баетов айыл аймагындагы жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) боюнча 2023-жылдын 28-декабрындагы №7-11 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VII -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын түштүк тарабындагы №438 (28,5 га) жайыт жер, №412 (19,1 га) жайыт жер, №442 (27,0 га) жайыт жер, 440 (2,70 га) жайыт жер, №439 (1,70 га) жайыт жер, №430 (9,90 га) жайыт жер, 431 (6,7 га) жайыт жер, №708 (30,4 га) жайыт жер, №1149 (20,0 га) – контурларынан жалпысы 146 га, Баетов айылынын түштүк чыгыш тарабындагы №709 (7,9 га) жайыт жер, №717 (35,9 га) жайыт жер, №782 (35,0 га) контурларынан жалпысы 78,8 га, жалпы трансформациялоого сунушталып жаткан 224,8 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Акиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Жакшылык уулу И. |