Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/3
Баетов айыл аймагындагы эсептик каттоодон өтө элек жана кайрадан каттоодон өтө турган мечиттердин имаратын Нарын облустук Казыятына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 2,3,5-пунктунун негизинде, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VII –cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы эсептик катоодон өтө элек Жаштык көчөсүндөгү Вокзал мечити, К. Мырзалымбеков көчөсүндөгү борбордук Ак-Талаа мечити, кайра каттоо үчүн каттоодон өткөн А. Султаналиев №57 көчөсүндөгү Абдурахман мечити, Батырбеков көчөсүндөгү Куба мечити, Кайыңды Булак айылындагы айылдык мечити, Терек айылындагы Терек айылдык мечити, Үгүт айылындагы Ахмад Мустафа Халифа мечити Нарын облустук Казыятына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү, Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Акиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Жакшылык уулу И. |