Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/4
Баетов айыл аймагынын айыл тургундары ичкен таза сууну башка максаттарга пайдалануудагы тарифин бекитүү жөнүндө.
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз VII -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баетов айыл аймагынын айыл тургундары ичкен таза сууну башка максаттарга пайдалануудагы тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
-Таза сууну курулуш иштерине коммерциялык багытта пайдаланса 1 айга 1000 (миң сом).
-Пескоблок, евро забор чыгаргандарга 1 айга 1000 (миң сом).
-Унаа жуучу жайга 1 айга 1000 (беш жүз) сом.
-Мончо жаккандарга төрт орундукка чейин 500 сом, төрт орундуктан он орундукка чейин 1000 сом, он орундуктан жогору 2000 сом.
Эксковатор коммерциялык багытта 1 куб жер казса 180 ден – 200 сомго чейин, саатына 4000 сом, погрузчик саатына 4000 сом кызмат акы.
Арендага берилген МТЗ-80 тракторуна бир сезонго сеялкага 30000 сом, пресстөөгө 130000 сом.
Курулуш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер полигонго өздөрү ташып таштанды төксө 1 м3 таштандыга 538,50 сом, жашоочулар өздөрү полигонго таштанды төксө 1 м3 таштандыга 21,10 сом.
2.Токтомду аткарууга алуу “Баетов таза аймак” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баетов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Жакшылык уулу И. |