Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №2
«Жалал-Абад шаарынын эски канализациялык өткөргүч түтүктөрүн реконструкциялоо жана жаңы канализациялык өткөргүч түтүктөрүн куруу максатында бөлүнгөн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы №192-сандуу тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 23.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3756 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарынын эски канализациялык өткөргүч түтүктөрүн реконструкциялоо жана жаңы канализациялык өткөргүч түтүктөрүн куруу максатында бөлүнгөн 200 000 000 (эки жүз миллион) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарынын эски канализациялык өткөргүч түтүктөрүн реконструкциялоо жана жаңы канализациялык өткөргүч түтүктөрүн курууга бөлүнгөн акча каражатын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгы аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |