Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №3
«Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча
комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 19.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3709 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин
07-июль 2025-жылдагы кезексиз X сессиясынын
№3-токтомуна №1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы:
1. И.Алмаматов -Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин депутаты,
комиссиянын төрагасы;
2. Ө.Боркошов -Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү
экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. К.Иманалиев -Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары;
4. Н.Болотов -Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин депутаты;
5. Н.Орозалиев -Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин депутаты;
6. С.Тажибаев -Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар
башкармалыгынын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы;
7. А.Сатвалдыев -Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар
башкармалыгынын айыл чарба бөлүмүнүн башкы адиси;
8. Т.Джээнбеков -Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык
башкармалыгынын башчысы;
9. М.Алтыбаева -М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык
башкармалыгынын башчысы;
10. Б.Мурзаханов -Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык
башкармалыгынын жер адиси;
11. Р.Аскаров -М.Конгантиев атындагы муниципалдык аймактык
башкармалыгынын жер адиси;
Жооптуу катчы Осмонова Г.О.