Загрузка документа…
Тиркеме 1
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-июлундагы № 437 токтомуна)
Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды колдонуу тартибин регламенттейт, ошондой эле медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн бөлүүгө, чогултууга, таңгактоого, маркалоого, эсепке алууга, сактоого, ташууга, жугушсуздандырууга/зыянсыздандырууга, көмүүгө карата талаптарды аныктайт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү типтеги жана түрдөгү саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат:
- дарылоо-профилактикалык;
- коомдук саламаттык сактоо уюмдары;
- илимий-изилдөө;
- саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары;
- медициналык-социалдык;
- реабилитациялык;
- медициналык тез жардам станциялары, кан куюучу станциялар, стоматологиялык клиникалар;
- ден соолукту чыңдоочу уюмдар (санаторийлер, профилакторийлер, эс алуу үйлөрү, пансионаттар);
- жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдары.
3. Радиоактивдүү калдыктарды колдонуу Кыргыз Республикасынын радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
4. Сымап камтылган калдыктарды колдонуу Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 3-мартындагы № 19 чечими менен кабыл алынган Евразия экономикалык бирлигинин “Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө” (ЕАЭБ ТР 041/2017) техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) калдыктардын кооптуулук классы – кооптуу калдыктардын түздөн-түз же кыйыр таасиринде адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө мүмкүн болуучу зыяндын таасиринин даражасы;
2) контаминацияланган медициналык калдыктар – адамдын каны жана/же организминин башка суюктуктары же лабораториялардагы инфекциялык агенттердин культуралары менен аралашкан калдыктар;
3) медициналык калдыктар – калдыктардын бардык түрлөрү, анын ичинде медициналык ишти, ошондой эле медициналык максатта инфекциялык оорулардын козгогучтарын жана гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу процессинде пайда болгон анатомиялык, патологоанатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык жана физиологиялык калдыктар;
4) медициналык калдыктарды тазалоо – милдеттүү жугушсуздандырууну жана/же дезинтоксикациялоону, ошондой эле көлөмүн азайтууну жана/же алардын түрүн өзгөртүүнү караган кооптуу медициналык калдыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча чаралардын комплекси;
5) медициналык калдыктарды колдонуу – медициналык калдыктарды идентификациялоо жана бөлүү, чогултуу, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу, эсепке алуу, сактоо, ташуу жана көмүү менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
6) жугушсуздандыруу – объектти/терди микробдордон арылтуу, ал адамдар жана жаныбарлар үчүн коопсуз кылынат. Стерилдөө (автоклавдан өткөрүү) же дезинфекциялоо менен жетишилет;
7) зыянсыздандыруу (калдыктарды зыянсыздандыруу) – калдыктарды адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн зыянсыз болгон концентрацияга чейин тазалоо же болбосо тазалоого мүмкүн болбогон калдыктарды жылчыксыз көмүү;
8) калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу – калдыктарды белгиленген кооптуулук классына, физикалык касиеттерине жана алардын агрегаттык абалына ылайык чогултуу, убактылуу сактоо боюнча иш;
9) атайын кийим – жумуш ордунда кызматкердин ден соолугуна зыяндуу жана кооптуу факторлордон коргоо үчүн багытталган денени, колдун терисин, көздүн былжыр челин, мурундун жана ооздун көңдөйүн, дем алуу жана ашказан-ичеги органдарын жеке коргоо каражаты;
10) калдыктарды ташуу – калдыктарды алар пайда болгон, сорттолгон, сакталган, кайра иштетилген, жугушсуздандырылган/зыянсыздандырылган, көмүлгөн жана жок кылынган объекттердин ортосунда ташуу;
11) калдыктарды жок кылуу (чыгаруу) – калдыктарды дээрлик толук жок кылуу максатында тазалоо;
12) калдыктарды сактоо – калдыктарды көмүү, жугушсуздандыруу/зыянсыздандыруу максатында аларды алып чыкканга чейин атайын жабдылган топтогучтарда кармоо;
13) күтүлбөгөн кырсык – күтүүсүз окуялар, алардын натыйжасында ден соолукка, жабдууларга жана жабдыктарга зыян келтирилиши мүмкүн же келтирилген, ошондой эле зыяндын башка түрлөрү;
14) калдыктарды утилдештирүү – калдыктарды жаңы технологиялык циклдерге тартуу, пайдалуу максаттарда колдонуу; калдыктарды кайра пайдалануучу чийки зат катары жана башка максаттар үчүн пайдалануу.
2-глава. Медициналык калдыктар менен иштөө тартиби