Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/2

“Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 12 айында

аткарган бардык иштеринин маалыматы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 34-беренсинин 6-пунктуна ылайык “Ала-Бука Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Акматовдун 2022-жылдын 12 айында аткарган бардык иштери боюнча маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука тазалык муниципалдык ишканасынын 2022-жылы аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын.

 

2. 2023-жылга карата киреше жана чыгаша булактарынын сметасы жана штаттык бирдиги бектилсин.

 

3. Таштандыларды жыйноо жана ташып кетүү боюнча тарифтер бир айга ар-бир кожолуктан 75 сом, көп кабаттуу турак жайларда жашаган ар-бир адам үчүн 25 сом, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен 150 сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.