Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/5

Ала-Бука жайыт комитетинин 2022-жылдын 12 айында аткарган бардык

иштеринин маалыматы жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын аткаруу максатында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси берген маалыматын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

1.Ала-Бука жайыт комитетинин 2022-жылы аткарган бардык иштеринин аткарылышы жактырылсын.

 

2. 2023-жылга карата жайыттарды пайдалангандыгы үчүн алынуучу алымдардын көлөмү №1 тиркемеге жана жайыт комитетинин иш планы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү жана көчүп келүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй болуп белгиленсин:

- Көчүп кетүү мөөнөтү жылкылар үчүн 2023-жылдын 20-апрелине чейин, кара мал жана майда жандыктар үчүн 1-майга чейин;

- Жайыт пайдалануучуларга ийри мүйүздүү малга 600сом жана кой-эчкилер үчүн 150сомдон жогору көтөрүлбөсүн;

- Көчүп келүү мөөнөтү бардык малдар үчүн 1-октябрдан эрте эмес.

 

4. Жайыттарды туура пайдалануу, иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында Ала-Бука сайдын кире беришине ветеринардык көзөмөлдөө постун орнотулсун.

 

5. 2023-жылга карата техникалар боюнча тарифтери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6. Чөп чабуучу жайларды жана эгин талааларды майкандап, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайлоого көчуп кетүү жана көчүп келүү боюнча бекитилген тартибин сактабаса, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша атайын түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде айып пулу салынсын.

 

7. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин;

 

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.