АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/9
Ала-Бука айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин
«Жашыл Мурас» улуттук иш-чарасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренсине ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл Мурас” улуттук иш чарасына карата Достук айылынын Комплекс участогунан 2,60га жана Сары-Талаа айылынын Кеңсай участогунан 1,0га жер тилкелерине бак-дарактардын көчөтүн отургузууга уруксат берилсин.
2. Иш-чарага ылайык ар-түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |