АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/11
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга
акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 21-пунктундагы талаптарын аткаруу максатында жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартындагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагында 2023-жылы күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
2. Каралган акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |