АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты № 20/12
Муниципалдык менчикке кыймылсыз мүлктү кабыл алууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айылындагы М.Айтакалов жамаатынын тургуну Халматова Дилдора Алымжановнанын жеке менчигиндеги 400м2 жер аянты, мечет куруу үчүн Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер аянтты мамлекеттик каттоодон өткөрүү “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |