Редакцияот 02.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

2024-жылдын 2-июлу  № 24/2

Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин жаңы имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу бак-дарактарды кыюу жөнүндө

 

Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин жаңы имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу бак-дарактарды кыюу жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин айланасындагы бак-дарактарды кыюуга уруксат берилсин.

2.Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин айланасындагы бак-дарактарды мыйзам чегинде кыюу жана керектүү кагаздар менен камсыздоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

    Төрага

А. Шерматов