Редакцияот 02.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

 2024-жылдын 2-июлу  № 24/5

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү

бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнүн кошумча каражаттары   №1 тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттары  №2 тиркемеге ылайык  бекитилсин.

3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын II кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын үнөмдөлгөн беренелер боюнча өзгөртүүлөрү      №3 тиркемеге ылайык жылдырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Шерматов