Редакцияот 02.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

 

 2024-жылдын 2-июлу  № 24/6

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүлктөрүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүлктөрүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүлктөрүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.“Исан” суу пайдалануучулар ассоциациясына тиешелүү болгон  иш-кагаздарын мыйзам чегинде өткөрүп алуу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. Шерматов