Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/1
Кара-Кулжа айылындагы Б.Маткадыров көчөсүндө жайгашкан эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагери, юстициянын улук кеңешчиси, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Орто азия аскердик округунун 386-аткычтар полкунун улук аскердик таануучусу жана марштык роталардын командири, 1949-1958-жылдары Ош облусунун прокурору болуп эмгектенген, Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын Министилер кеңешине караштуу юридикалык комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы маркум Буранов Баймухамеддин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылынын тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 9-июнундагы №1 “Кара-Кулжа айылынын Б.Маткадыров көчөсүндө жайгашкан эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагери маркум Буранов Баймухамеддин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 13-июнундагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылынын тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 9-июнундагы №1 “Кара-Кулжа айылынын Б.Маткадыров көчөсүндө жайгашкан эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагери маркум Буранов Баймухамеддин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2.Кара-Кулжа айылынын Б.Маткадыров көчөсүндө жайгашкан эс алуу паркына Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагери, юстициянын улук кеңешчиси, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Орто азия аскердик округунун 386-аткычтар полкунун улук аскер таануучусу жана марштык роталардын командири, 1949-1958-жылдары Ош облусунун прокурору болуп эмгектенген, Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын Министилер кеңешине караштуу юридикалык комиссиянын мүчөсү, Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы маркум Буранов Баймухамеддин ысымы ыйгарылсын.
3.Эс алуу паркынын шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтүү жагы Буранов Айжигитке тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |