Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/2
Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмунда жана бала бакчаларда тарбиялануудагы балдарга ысык тамак берүү үчүн, ата-энелер чогулушунда бекитилген жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” 34-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 13-июндагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жайгашкан “Билимтай” МЧББУнунда, “Мээрим” МЧББУнунда, “Сейил” МЧББУнунда, “Парчабү эне” МЧББУнунда, “Миң-Өрүк” МЧББУнунда, “Салкын жээк” МЧББУнунда, “Балкыял-5” МЧББУнунда, “Жоогазын” МЧББУнунда, “Биймырза” МЧББУнунда, “Кара-Кулжа” МЧББУнунда, “С.Кокоев” МЧББУнунда, “А.Каримов” МЧББУнунда жана “Г.Ибраимова” МЧББУнунда тарбиялануудагы балдарга ысык тамак берүү үчүн, ата-энелер чогулушунда бекитилген жыйым 1200 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Г.Ибраимова” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму жана “А.Каримов” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жогорку органына тийиштүү документтерин сапаттуу өз убагында талапка алайык тапшырууну эске алышсын.
3.Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмунда жана бала бакчаларда тарбиялануудагы балдарга ысык тамак берүү үчүн, ата-энелер тарабынан чогултулган жыйымды максаттуу пайдаланууну көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |