Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн алдындагы Кара-Кулжа машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерин, эмгек акыларын жана машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 6 (алты) айына карата бюджетинин кирешесин жана чыгашасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” 34-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 13-июндагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктери жана эмгек акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:-
-1-штат, М.И. директору эмгек акысы 30.000 сом;
-1-штат, М.И. директорунун орун басары эмгек акысы 25.000 сом;
-1-штат, М.И. бухгалтери эмгек акысы 25.000 сом;
-3-штат, постко келишим менен жумушчу эмгек акысы 20.000 сомдон;
-1-штат, XOWO автоунаа айдоочу эмгек акысы 20.000 сом;
-1-штат, HYUNDAI эксковатор айдоочу эмгек акысы 20.000 сом;
-1-штат, грейдер айдоочу эмгек акысы 20.000 сом;
-бөлмө тазалоочу жумушчу эмгек акысы 4.000 сом;
2.Кара-Кулжа машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын 1-июль 2025-жылдан 31-декабрь 2025-жылга карата бюджетинин кирешеси 3.500.000 сомго жана чыгашасы 3.500.000 сомго бекитилсин.
3.ПОЛЕССА комбайын, УТО трактор шаймандары менен машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго милдеттендирилсин.
4.Кара-Кулжа машина трактордук станция жана жайыт муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктери боюнча аткаруучулук (функционалдык) милдеттерин түзүп бекитүү жагы МТС жана жайыт М.И. директору С.Акматалиев тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары Т.Топчубаевага жана Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |