Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/4
Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнүн аталышы жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин регламентинин 39-глава 39.3.5 бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнүн тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 12- июнундагы № 1 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнө маркум Баданов Эрмекбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин, айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 13-июндагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнүн тургундарынын жыйынын 2025-жылдын 12- июнундагы №1 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнө маркум Баданов Эрмекбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечиминин негизинде Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнүн аталышы жокко чыгарылсын.
2.Кара-Кулжа райондук шаар куруу жана архитектура башкармачылыгына, райондук мамлекеттик каттоо башкармачылыгына “Биримдик” көчөсүнүн аталышы жокко чыгарылгандыгы жөнүндөгү айылдык кеңешинин укуктук ченемдик актысын маалымдуулугун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары Т.Топчубаевага жана Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |