Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/5
Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнө маркум Баданов Эрмекбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнүн тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 12-июнундагы №1 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнө маркум Баданов Эрмекбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2025-жылдагы 13-июндагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнүн тургундарынын жыйынын 2025-жылдын 12- июнундагы № 1 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнө маркум Баданов Эрмекбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2.Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Биримдик” көчөсүнө маркум Баданов Эрмекбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Көчөнүн шарттарын жакшыртууга демөөрчүлүк көрсөтүү жагы уулу Баданов Аманга тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басарлары Т.Топчубаевага жана Б.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |