Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/6
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 28.05.2025-жылдагы № 2/560 “Республикалык бюджеттен максаттуу грант түрүндө 6.428.200 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджеттине кириштеп, Кара-Кулжа айылынын башкы планына (ген.план) 4.311.779 сом жана топографиялык изилдөөсүнө 2.116.419 сом бекитип берүү жөнүндөгү” өтүнүч катын кароо жана “Кыргыз Республикасынын Президентинини тапшырмасы менен Кара-Кулжа айылындагы А.Жылтыров көчөсүндө курулуп жаткан калты тейлөө борборунун (ЦОН) долбоорун (проектисин) жасатууга 2.305.152 сом жана башка иштерди аткарууга статьядан статьяга которуу жөнүндөгү” өтүнүч катын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикалык бюджеттен максаттуу грант түрүндө бөлүнгөн 6.428.200 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн бюджеттине кириштелсин.
2.Максаттуу грант түрүндө бөлүнгөн 6.428.200 сом акча каражаты Кара-Кулжа айылынын башкы планын түзүүгө (ген.план) 4.311.779 сом жана топографиялык изилдөөсүн (топосьемка) даярдоого 2.116.419 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинен инвестицияга каралган 796.000 сом акча каражаты, А.Каримов балдар бакчасына өздүк салымга каралган 700.000 сом акча каражаты жана скважина курууга каралган 1.500.000 сом акча каражаты жалпысынан 2.996.000 сом акча каражатыКыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен Кара-Кулжа айылындагы А.Жылтыров көчөсүндө курулуп жаткан калты тейлөө борборунун (ЦОН) долбоорун (проектисин) жасатууга 2.305.152 сом жана башка иштерди аткарууга 690.848 сом акча каражаты статьядан статьяга которулсун.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |