Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/7
Кара-Кулжа айылынын Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан жеке ишкер Джутанов Бекназардын жеке менчик жер аянтынын багытын коммерциялык багытка которууга сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 4-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылынын тургуну жеке ишкер Джутанов Бекназардын жеке менчик жер аянтынын багытын коммерциялык багытка которуу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан жеке ишкер Джутанов Бекназардын жеке менчик 400 м2 жер аянтынын багытын коммерциялык багытка которуу жана Кара-Кулжа айылынын башкы (генплан) планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жагы райондук шаар куруу жана архитектура башкармачылыгынан суралсын.
2.Мыйзамдуу жагын карап аткарууну камсыздоо, баштапкы документтерин жеринде карап тактоо, жердин карта-схемасын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана айыл өкмөтүнүнү жер боюнча башкы адиси Кадыр уулу Тыныбекке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |