Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2025-жылдын 25-июну № 5/8
Жергиликтүү бюджетинин акча каражаттарын бөлүштүрүү жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетин акча каражаттарын бир статьядан экинчи статьяга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” 34-беренесинин “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинен төмөндөгү иштерди турмушка ашырууга акча каражаттар бөлүштүрүлсүн:-
-“Мээрим” МЧББ мекемесине жаңыдан 2-тайпа ачууга катуу, жумшак инвентар сатып алууга 262.500 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин;
-БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында О.Сайдилканов автордук мектебинин ашканасына эмеректерди жабдуу долбооруна, өздүк салым катары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 500.000сом бөлүнүп берилсин;
-А.Юсупов атындагы орто мектебине долбоор менен ашкана курулушуна өздүк салым катары айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 1.500.000 сом бөлүнүп берилсин;
-Сейил МЧББУ нун жылытуу системасын оңдотууга 500.000 сом бөлүнүп берилсин.
2.Бюджеттин каражаттары статьядан статьяга төмөндөгүчө которулсун:-
-1-Май шайлоо округунун мандатындагы акча каражат түнкү жарыктандырууларды оңдотууга 200.000 сом акча каражаты статьядан статьяга которулуп берилсин;
-Совет шайлоо округунун мандатындагы Ш.Кадыров көчөсүн асфальтоо үчүн ПСД жасатууга бөлүнгөн 400.000 сом жана айыл ичиндеги ар түрдүү чыгымдарга каралган 200.000 сом жалпысынан 600.000 сом акча каражаты Баданов Эрмекбай атындагы көчөнү асфальтоого өздүк салым катары статьядан статьяга которулуп берилсин.
-Беш-Жар шайлоо округунун мандатындагы акча каражат жарыктандырууларды оңдоо иштерине 200.000 сом акча каражаты статьядан статьяга которулуп берилсин;
3.Акча каражаттарынын мыйзамдуу жагын карап аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы В.Маматалиевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Топчубаевага жүктөлсүн.
Төрага: | А.А. Ормокеев |