АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/15
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин сунушун карап чыгып, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айылынын тургуну Советбек уулу Замирге жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участогу калктуу конуштардын башкы планына ылайык 0,04га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган жер тилкесинин бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевге жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |