Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/16

“Айлана чөйрөнү жакшыртып, таштандыларды калктын керектөөсүнө пайдалануу”

долбооруна жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 11-пунктуна ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. “Айлана чөйрөнү жакшыртып, таштандыларды калктын керектөөсүнө пайдалануу ” долбоорун ишке киргизүү максатында Зыркоолот участогунан 8,25га жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

2. Бөлүнгөн жер аянтынын чек араларын тактап берүү айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.