Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 17-марты №20/18

Ала-Бука айыл аймагынын айланасын көрктөндүрүү

жана жашылдандыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №305 Жарлыгына ылайык, айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Юлдашевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ала-Бука айыл аймагынын айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо максатында “ Жашыл Мурас” долбоорунун алкагында бак-дарактардын көчөттөрү отургузулсун.

 

2. Отургузулган көчөттөрдү өз убагында суугарып кароо “Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканасына жуктөлсүн.

 

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, СПА, суу канал жана бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Умаров А.